Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Бүгүн - Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү


Бул күндү утурлай Саламаттык сактоо министрлиги жана БУУнун Балдар фонду ымыркайлардагы ВИЧ инфекциясын кандын кургак тамчысынын негизинде аныктоо методикасы боюнча окутуу өткөрүштү. Тренингге тиешелүү департаменттердин адистери катышты.

Жаңы методика балдар арасындагы ВИЧ инфекциясын убагында аныктап, дарылаганга жардам берет. Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, акыркы жылдары ВИЧ инфекциясы бар энелерден туулган балдардын саны өсүп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө ВИЧке чалдыккандардын саны 1-ноябрга карата 5060ка жетти. Алардын 809у каза болгон. Ооругандардын ичинен 485и 14 жашка чейинкилер.

XS
SM
MD
LG