Хорватиядагы референдумга баш кошуу конституцияда кантип аныкталышы керек деген маселе коюлду. Демилгени католик чиркөөсү жана оппозициядагы консервативдик партия колдошту. Жакында Евробиримдикке мүчө болуп кирген Хорватиянын өкмөтү бир жыныстагы адамдардын расмий үйлөнүүсүнө уруксат берилиши мүмкүн деп билдирип келген.
Өкмөт менен катар укук коргоочулар, айрым белгилүү адамдар референдумга каршы болушууда. Бирок сурамжылоолорго караганда, хорваттардын 70 пайыздайы гейлерге мыйзам түрүндө баш кошууга уруксат берилсин деген жобону жактырышпайт.