Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Таиландда антиөкөмттүк акциялар зомбулук менен коштолду


Бангкокто атайын күчтөр премьер-министрдин кеңсесине жана полиция башкармалыгына өтүүгө аракеттенген демонстранттарга каршы жаш агызчу газ менен суу атмаларды колдонушту. Буга чейин өкмөт башчы Йинглак Чинаваттын отставкасын талап кылган нааразылык чыгуулары тынч өтүп келген. Кечээ кечинде болсо премьерди жактаган жана ага каршы болгон демонстранттар кагылаша кетти. Белгисиз адамдар ок чыгарып, 3 киши каза болду, 45тей киши жараланды.

Антиөкмөттүк демонстранттар 2011-жылы шайланган премьер айым агасы, 2006-жылкы аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында өкмөт башчылыктан кулатылган Таксин Чинаваттын кол баласына айланып калганына нааразы болушууда. 2 жылдан кийин жемкордук үчүн айыпталган Таксин өз каалоосу менен сүргүндө жашап келатат. Бирок карындашы жетектеген өкмөткө таасири өтө күчтүү

XS
SM
MD
LG