Бүгүн Бишкекте бильярддын снукер түрү боюнча шаардын ачык чемпионаты өттү. Мелдеште Кыргызстан, Иран, Ооганстан, Түркия өлкөлөрүнүн тандалган 24 спорт чебери мөөрөй талашты. Жыйынтыгында 1-орунду Кубанычбек Сагындыков, 2-орунду Мухаммед Каримберди уулу, ал эми 3-орунду Санжар Тукешов менен Калыс Камчыбек уулу ээлешти.
Бишкек шаардык спорт комитети жана снукер федерация биргеликте уюштурган бул чемпионат Бишкекте экинчи жолу өттү. (KMa)
Бишкек шаардык спорт комитети жана снукер федерация биргеликте уюштурган бул чемпионат Бишкекте экинчи жолу өттү. (KMa)