Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Орусияда 150 миңге жакын кыргызстандык жаран расмий иштейт


Орусиянын федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын он айында 74 миң 800 кыргызстандык жаран Орусияда иштөөгө расмий уруксат кагаз алышкан.

Ал эми 76 миңден ашуун кыргызстандыкка ишкерлик кылууга мүмкүнчүлүк берүүчү патент берилген. Бул өткөн жылга караганда 10% көп. Маалыматка ылайык, Орусияда иштеген кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Москва шаарында жана облусунда иштешет, андан кийин Санкт-Петербургда, Новосибирск, Свердловск, Тюмень, Иркутск облустарында жана Красноярск, Хабаровск крайларында. Сахалин аралында, Ямал-Ненец автоном округунда мыйзамдуу иштеген кыргызстандыктар бар.

Расмий эмес маалыматтар боюнча Орусияда жашап-иштеген кыргызстандыктардын саны миллионго чукул.(ZKo)

XS
SM
MD
LG