Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

Актер Пол Уокер автокырсыктан каза болду


“Форсаж” тасмасынын баш каарманын ойногон актердун Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырылган маалыматка ылайык, кырсык Калифорния штатында болгон. Уокер рулда эмес, унааны айдап бараткан досунун жанында отурганы айтылууда. Америкалык маалымат каражаттары алар отурган Porsche бакка урунуп, андан кийин күйүп кеткенин жазып чыгышты.

Пол Уокер 40 жашта болчу. Ал “Форсаж” тасмасында полициячы жана ФБРдин агенти Брайан О Коннердин ролу аркылуу көпчүлүккө таанымал болгон. Жакында эле Пол келерки жылы жайында жарыкка чыгуучу “Форсаж-7” тасмасына тартылган. Би-би-синин маалыматы боюнча Пол Уокер тартылган “Саналуу сааттар” деп аталган тасма үстүбүздөгү жылы 13-декабрдан тартып сатыкка чыгат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG