Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Келдибековдун баш коргоо чарасы өзгөргөн жок


"Ата-Журт" партиясынан депутат Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасы ошо бойдон калды. Адвокат Татьяна Чилникинанын "Азаттыкка" айтымында, бүгүн Бишкек шаардык соту райондук соттун Келдибеков "19-январга чейин тергөө абагында кармалсын" деген чечимин күчүндө калтырды. "Мамлекеттин чөнтөгүнө кол салып, 30 миллион сомго жакын акчаны коротуп жиберген" деген айып менен камалган Келдибеков күнөөсү жок экенин айтып келет. Октябр райондук соту аны тергөө аяктаганча эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Бирок адвокаттар бул чечимди өзгөртүп, Келдибековду үй камагына чыгарууну өтүнүп, шаардык сотко кайрылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG