Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Шайлоо системасы талкууланууда


Бүгүн Бишкекте шайлоо системасын жакшыртуу маселесин талкуулаган жыйын өтүүдө. Ага быйыл май айында түзүлгөн жумушчу топтун, саясый партиялардын, жарандык коомдун, ЕККУ жана ЮСАИД эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү катышууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун белгилешинче, "азыркы шайлоо мыйзамдарында алешемдиктер көп, шайлоочулардын тизмеси, бюллетен, округдарга бөлүү жагынан талкууланчу маселелер бар". Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топту парламенттеги фракция лидерлери менен президенттин аппарат башчысы жетектейт. Кыргызстанда эки жылдан кийин парламенттик, төрт жылдан кийин президенттик шайлоо өтөт. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG