Ошто митингчилердин он чактысы өкмөттүн өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүү үчүн акимчиликке кирди. Кабарчыбыздын айтымында, ушу тапта облустук акимчилик алдында Келдибековдун бошотулушун талап кылган митинг уланууда. Нааразылык акциясына чыккандардын айтымында, митингге 10 миң киши катышууда. Ал эми көз каранды эмес байкоочулар беш миңдей киши чогулуп турганын, милиция болсо 2 миңдин тегерегинде экенин билдирүүдө. Бүгүн Бишкек шаардык соту райондук соттун Келдибеков "19-январга чейин тергөө абагында кармалсын" деген чечимин күчүндө калтырды. "Мамлекеттин чөнтөгүнө кол салып, 30 миллион сомго жакын акчаны коротуп жиберген" деген айып менен камалган Келдибеков күнөөсү жок экенин айтып келет. (ErN/RK)