Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Британ премьери Кытай менен эркин соода алакасын колдойт


Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон Бээжин менен Лондон ортосундагы соода жана экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө убада кылды. Кытай өкмөт башчысы Ли Кэцян менен жолугшуудан кийин Камерон Евробиримдикти Кытай менен эркин соода келишимин талкуулоого чакырды. Британ өкмөтү андай макулдашуу өлкө экономикасына жылына 3 миллиард долларга жакын киреше алып келмек деп эсептейт. Камерондун Бээжиндеги сапарында соода тармагынын жетекчилери, өкмөт мүчөлөрү менен ишкерлерден куралган ири делегация коштоп жүрөт.

Эки өлкө ортосундагы экономикалык карым-катнаш Камерон өткөн жылы Далай Лама менен кездешкенден кийин токтоп калган. Кытай тибеттиктердин руханий лидерин сепаратист деп санайт.

XS
SM
MD
LG