Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

ЮНЕСКОдо "Манас" үчилтиги боюнча сунуш каралууда


Бүгүн Азербайжандын борбору Бакы шаарында ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитетинин 8-жыйыны өтүүдө. Аталган жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын жетекчи орун басары Карганбек Самаков баштаган кыргызстандык делегация катышууда. Курамында манасчылар, эксперттер жана журналисттер бар. Максат - кыргыз элинин "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине кыргыз мамлекетинин атынан каттатуу болуп саналат. Комитеттин кароосуна дүйнө өлкөлөрүнөн 42 номинация киргизилген. Анын катарында кыргыз элинин залкар маданий мурасы "Манас" эпосунун үчилтиги да бар. Делегация башчысы Карганбек Самаковдун айтымында, "Манас" эпосунун кыргыз элина таандык экенин тастыктаган баардык материалдар, ЮНЕСКО талап кылган документтер кынтыксыз даярдалып берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG