Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Гүлнара Каримова Твиттерде кайрадан сиңдисин жамандады


Өзбекстан президентинин кызы Гүлнара Твиттерде кайрадан бир тууган сиңдисине чабуул койду. Ал Лола Каримова-Тиллаеванын байлыгы швейцариялык “Билан” деген бизнес журналы болжолдогондон алда канча көп деп жазат. Лола күйөөсү экөө Швейцариядагы эң бай түгөйлөрдүн катарына кирет деген маалыматтарды четке кагып келген. Гүлнара журнал сиңдисинин АКШ менен Дубайдагы көп миллион долларлык мүлкүн эске алган эмес деп ырастайт. Ал буга чейин Лоланы үй-бүлөнүн ички проблемалары үчүн айыптап келген. Акыркы күндөрү президенттин улуу кызынын Твиттердеги баракчасы бир нече ирет жабылып, кайра ачылган.

XS
SM
MD
LG