Жеңиш паркынын чек арасы мурда аныкталган эмес, демек, аны бузду деп айтуу негизсиз. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Бишкек мэри Иса Өмүркулов билдирди:
-Эгерде бир метр кыскара турган болсо, мен андайга эч убакта кол койбойт элем. Ушул кызматка келгени мен жерлердин мыйзамсыз берилиши менен күрөшүп келатам.
Бүгүн Баш прокуратура Иса Өмүркулов Бишкектеги Жеңиш паркынын чек арасын бузду деген негизде кылмыш иш козголгонун кабарлаган. Буга чейин бир катар бейөкмөт уюм өкүлдөрү аталган жер тилкесинде мыйзамсыз курулуштар жүрүп жатканына нааразылык билдирип чыккан болчу.(KE/RK)