Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

«Кара-Кече» көмүр кениндеги адам өлүмү иликтенүүдө


«Кара-Кече» көмүр кениндеги адам өлүмү иликтенүүдө. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, кечээ, 1-декабрда Чаек айылынын тургуну каза тапкан. 38 жаштагы жаран кан басымы жогорулап, ооруканага жетпей көз жумган. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат, бул боюнча иш Жумгал милициясында териштирилүүдө.

Ал эми окуяга күбө болгон, бирок атын атагысы келбегендер каза тапкан адамдын өлүмүнө милиция себепкер болгонун айтууда. Алардын сөзүнө караганда, кезек күтүүдөн келип чыккан чырга милиция кийлигишип, каза тапкан адамды сабап койгон.

Милиция болсо көмүр кенде эч кандай атышуу болбогонун жана жогорудагы сөздөр жалган экенин билдирүүдө. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG