Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Оштогу митингчилер бийликке үч күн мөөнөт беришти


Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун камактан бошотулуусун талап кылган митингчилер талабын аткарууга бийликке үч күн мөөнөт берип, тарашты. Жергиликтүү кабарчыбыздын маалымдоосу боюнча учурда, Ош шаарындагы борбордук аянтта тигилген боз үйлөрдө саналуу гана кишилер калган.

2-декабрда Ош шаарында “Ата-Журт” партиясынын депутаты Акматбек Келдибековду камактан бошотуу талабы менен анын тарапкерлери мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштаган. Алардын өкүлү Улукбек Ормонов үч күн ичинде Бишкекке барып, өкмөт башчы менен Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу сүйлөшүүгө аракет кыларын билдиргенден кийин, кечке жуук тарашты.(ErN/ZKo)

XS
SM
MD
LG