Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Камчыбек Ташиевдин уулу камактан чыкты


Бул тууралуу “Ата-Журт” партиясынын лидери айрым маалымат каражаттарына билдирип, уулунун күнөөсү тастыкталбаганы үчүн акталып чыкканын, буга өзүнүн эч кандай таасири болбогонун айткан.

2-декабрь күнү Бишкектин Октябрь райондук милициясы Камчыбек Ташиевдин 18 жаштагы уулу Темирлан Ташиев автомашинанын дөңгөлөгүн уурдоо максатында чыгарып жаткан жеринен кармалганын маалымдаган. Кийинчерээк аны суракка алуу учурундагы тасма маалымат каражаттары аркылуу көрсөтүлгөн.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев өткөн жылы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга аракет жасаган, өкмөт үйүн басып алууга аракеттенген деген айып менен камакка алынып, сегиз айдан ашуун УКМКнын абагында жаткан. Бишкек шаар соту тарабынан акталып, кийин Жогорку Сот кайрадан айыптаган чечим чыгарган. Ага ылайык Камчыбек Ташиев ЖК депутаты мандатынан ажыратылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG