Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

БУУ: Асаддын күнөөсү аныкталды


Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллай адамзатка каршы жана аскердик кылмыштарды жасоодо Башар Асад баштаган бир катар мамлекеттик кызматкерлердин айыбы далилденгенин айтты. Дүйшөмбүдөгү билдирүүсүндө Пиллай БУУнун иликтөөлөрү Сириядагы 33 айдан бери жүрүп жаткан согушта адамзатка каршы массалык кылмыштар болгонун аныктаганын маалымдады. Пиллай ошондой эле Сирия өкмөтүнө каршы согушуп жаткан тараптын да кан төгүүлөргө айыбы чоң экенин белгиледи.

Азырынча Сириядагы кылмыштарга күнөөлүүлөрдүн аты жашыруун калууда.
Сириядагы чатак 2011-жылдын март айынан бери уланып келе жатат. Бул аралыкта 100 миңден ашуун киши өлүп, бир нече миллион адам үй-жайынан безүүгө аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG