Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Таласта Келдибековду колдоо митинги өткөн жок


“Талас эл ынтымагы” кыймылынын төрагасы Серен Шейшеновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 2-декабрда Таластын Чат-Базар айлында чакан жыйын болгон. Анда Сарууда камакка алынган сегиз жигиттин бошотулуусу, Көк-Сай тилкесин кайтаруу талаптары коюлуп, чет элдик жарандарга жер жана имараттарды узак мөөнөткө ижарага берүүгө каршы пикирлер айтылган.

- Ал эми “Ата-Журт” партиясы тарабынан “Таласта Келдибековду жактаган митинг өттү” деген маалыматтар чындыкка жатпайт,- дейт Серен Шейшенов.

Кечээ айрым маалымат каражаттары Таласта “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибековду камактан бошотуу талабы менен митинг өткөнүн жазып чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG