Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:02

Кыргызстан “Ачык асман” саясаты боюнча эл аралык жыйынга катышат


3-декабрдан 6-декабрга чейин Дубай шаарында өтүүчү жыйынга Экономика министри Темир Сариев, Кыргызстанга “Ачык асман” саясатын киргизүү демилгесин көтөргөндөрдүн бири, “Кыргызконцепт” ишканасынын президенти Эмил Үмөталиев барып катышат. Анда кыргызстандык делегация “Ачык асман” саясаты боюнча Араб эмираттарынын тажрыйбасы менен таанышып келет. Бул тууралуу “Кыргызконцепт” ишканасынын президенти Эмил Үмөталиев “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанга “Ачык асман” саясатын киргизүү демилгеси 2011-жылы көтөрүлгөн. Буга Транспорт министрлиги жана Жарандык авиация департаменти кезегинде “жергиликтүү аба компанияларынын кызыкчылыгы корголбой калат” деген жүйөө менен каршы чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG