Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Каракол митингинен кийин камалгандардын иши сотто каралат


3-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту Каракол митингинен кийин кармалган сегиз кишинин үстүнөн соттук териштирүүнү баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталуучулардын адвокаты Эркин Булекбаев билдирди. Анын айтымында, иш боюнча күбө өтүүчүлөрдүн баары Каракол шаарында, Саруу айлында жашайт, ошондуктан, адвокат бүгүн соттук териштирүү окуя болгон аймакта өткөрүлүүсүн соттон өтүнмөкчү:

- Булар жабырлануучу болгон 82 милиция кызматкерин ал жакка алып баралбайбыз деп жүйөө айтышууда. Таң калычтуусу сегиз киши кантип тандалган 82 милиция кызматкерлерин сабап салат? Ошондуктан, мен бүгүнкү отурумда сотко ишти окуя болгон аймакта кароо өтүнүчүн берем.

Каракол шаарында 7-октябрда митингге чыккандар "Кумтөр" ишканасын мамлекетке кайтарууну, “Кумтөрдүн” жетекчилигинен акча талап кылды деген айып менен мурдараак камалган үч жигитти бошотууну талап кылып, Ысык-Көл облусундагы өкмөт өкүлү Эмилбек Каптагаевди коё бербей бир нече саат кармап турушкан. Аягында аларды милиция күч менен кууп таркатып, башаламандык кылганы үчүн 23 кишини камакка алган. Кийинчерээк сегизи УКМКнын абагына алып келинген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG