"Азаттыктын" спорт кабарчысы Кабыл Макеш Сочи олимпиадасына аккредитация алды. Олимпиада күбөлүгүн ага Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Канат Аманкулов тапшырды. Ошентип, Кабыл Макеш Сочидеги мелдештердин жүрүшүн чагылдыруу укугун алган жалгыз кыргызстандык журналист болмокчу. Сочи олимпиадасы келерки жылдын феврал айында өтөт. Кабыл Макеш буга чейин да беш жайкы, эки кышкы олимпиаданын жүрүшүн чагылдырган. (RK)