Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:42

Жон Керри Европа жана Жакынкы Чыгышты кыдырат


Бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө иш сапарын баштайт. Алгач ал Брюсселге барып, Ооганстан боюнча НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. Керри иш сапарынын мурда бекитилген планын бир аз өзгөртүп, Киевге барбай турган болду. Украинанын борборунда 5-6-декабрда ЕККУнун жыйыны өтөт. Керри ошол жыйынга катышмак. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жен Псаки мамкатчы Киевге украин бийлигинин Евробиримдик менен макулдашуудан баш тартканына байланыштуу барбай калдыбы же жокпу, тактоодон баш тартты. Бирок Керри Молдовага барып, "ал өлкөдөгү реформалардын жакшы жүрүп жатканына колдоо көрсөтмөкчү". Андан кийин АКШ мамлекеттик катчысы Жакынкы Чыгышка барып, Иерусалим жана Рамалла шаарларында болот. (RK)

XS
SM
MD
LG