Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 08:58

Таиланд: Бийлик митингчилердин жолун тороону токтотту


Таиланддын борбору Бангкок шаарында полиция митингчилердин жолун торобой, өкмөт үйүнүн алдына коюлган тосмолорду алып салды. Полициянын мындай күтүүсүз кадамы бийликтин кырдаалдын күчөп кетпешине жол бербөө аракети катары бааланууда. Ага чейин демонстранттар өкмөт отурган имаратты күч менен алаарын айткан болчу. Соңку күндөрү Таиландда кырдаал курчуп, өлкөдөгү коррупцияга каршы митингге чыккандардын арасынан үч киши күч кызматкерлеринин колунан набыт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG