Демонстранттар Киевдеги өкмөттүк имараттарды курчап турган учурда Евробиримдик менен украин бийлигинин келишими тууралуу маселе чечилбеген бойдон калууда. Евробиримдик украин делегациясы менен жолугушуу шаршембиге болжолдонбогонун билдирди. Мурдараак Евросоюз менен кайрадан сүйлөшүүлөр болору кабарланган. Шейшембиде Жогорку Рада Микола Азаровдун өкмөтүн кетирүү боюнча тиешелүү добуш топтой албады. Бир нече күндөн бери Киевде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы Толкун Умаралиев Майданга чогулгандар өкмөттү кетирүү талабын улантып жатышканын билдирди.
Толкундоолорго карабай президент Виктор Янукович шейшембиде Кытайга иш сапары менен кеткен. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри оппозицияга колдоосун билгизип, “Вашингтон украин өкмөтүн эркиндикте жашоону каалаган элдин үнүн угууга” чакыраарын айтты.