Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдиргендей нааразылык чарасы ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин алдында болот. Укук коргоочу Курманбек Бакиевдин сүрөтү тартылган беткап кийип, анжиян полькасын бийлемекчи. Өндүрүш Токтонасыров муну менен ЕККУдан эки жүздүү саясат жасабай, Кыргызстандагы адам укуктарынын корголушу тууралуу пикирин билдирүүсүн жана Беларустан Курманбек Бакиевди кайтарып келүүгө көмөктөшүүсүн талап кылат.
Өндүрүш Токтонасыров Беларустун Бишкектеги элчилигине да бир нече ирет мурунку президентти кайтарып берүү талабы менен пикет өткөргөн.
Мурунку президент Курманбек Бакиев куралсыз элге ок атууга буйрук берген деген айып менен сыртынан соттолууда. 2010-жылы апрель окуясынан бери ал үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашап жатканы айтылып келет. (ZKo)