Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

"Хезболла" элчиликке кол салууга Саудияны айыптоодо


19-ноябрда Бейруттагы Иран элчилигинде эки ирет болгон жардыруудан болжол менен 25 киши набыт кеткен. Окуяга жоопкерчиликти "ал-Каидага" байланышы бар Абдулла Аззамдын тобу өзүнө алып, бул сокку Иран менен "Хезболланын" Сирия өкмөтүн колдогонуна жооп деп билдирген болчу.

Ливан телеканалы аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүндө шииттердин "Хезболла" тобунун башчысы Хасан Насрулла элчиликти жардырган топтун сауд чалгынчылары менен байланышы бар деп айыптады. Сунниттер басымдуулук кылган Сауд Аравиясы Сирия бийлигин кулатуу үчүн күрөшүп жаткан козголоңчуларды жабдыйт деп айтылып келет.

XS
SM
MD
LG