Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:20

Путин: Патриотизм улуттук аң-сезимди сактап калат


Шейшембиде Москвадагы окуу жайлардын биринде студенттер менен жолугушуп жатып, орус президенти патриотизм - Орусиянын улуттук аң-сезимин сактап калуу үчүн зарыл деп айтты. Ал “атуулдук сезимсиз өлкө жашай албайт, ансыз кант сууда эриген сыяктуу өлкө да ичинен кыйрап жок болот”,- деди. Путин ошондой эле Орусия башкалар үлгү боло алуучу каармандарга муктаж экенин да кошумчалады.

Кайрадан президенттик кызматка отургандан бери Владимир Путин атуулдук маселесине көп кайрылып жатканы белгиленүүдө. Өткөн айда ал мамлекеттик желек, герб жана гимндин жаштарды атуулдукка тарбиялоочу маанисин күчөтүү тууралуу каалоосун парламентке сунуштаган.

XS
SM
MD
LG