"Иштен кетүүм мага карата козголгон кылмыш ишке байланыштуу эмес", - деп билдирди бүгүн маалымат жыйынында Бишкек мэрлигинен кетүү тууралуу арызын жазган Иса Өмүркулов.
- Ар нерсенин башталышы жана бүтүшү болот. Ошол сыяктуу менин ишмердүүлүгүм бүттү деп эсептейм. Аткарылбай калган иштер үчүн кечирим сурайм, - деди ал.
Өмүркулов мэр болуп турганда шаардын өнүгүүсүнө колунан келген салымын кошконун, жалпысынан 118 чакырым жол, Ош, Орто-Сай базарлары оңдолуп, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана башка иштер жүргүзүлгөнүн айтты.
2-декабрда Баш прокуратура Өмүркуловду Жеңиш паркынын чегин бузду деген айып менен ага карата кылмыш иш козгогон. Өмүркулов өзү мыйзам бузбаганын билдирген. (KJ/RK)