Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Өмүркуловдун кылмыш ишин өзгөртүү талабы коюлууда


Иса Өмүркуловго карата ачылган кылмыш ишти башка берене боюнча козгош керек болчу. Мындай талап менен бүгүн жарандык активисттер маалымат жыйын өткөрдү. Анын катышуучусу Калича Умуралиеванын айтымында, кылмыш иш "жер мыйзамын бузуу" эмес, "коррупция" деген берененин негизинде козголсо туура болмок. "Себеби жердин берилишине гана байланып ачылган кылмыш иштин доо мөөнөтү төрт айда эле бүтүп калат, ал эми коррупцияныкы 20 жыл", - деди Умуралиева. Иса Өмүркүлов бүгүн Бишкек мэринин кызматынан кетүү тууралуу арызын жазды. 2-декабрда Баш прокуратура ага карата кылмыш иш козгоп, шаардын четиндеги Жеңиш паркынын чек арасын бузду деген айып таккан болчу. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG