Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Мэр шайлоо: БШК түшүндүрмө берди


Бишкек шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу мыйзам кабыл алына элек, андыктан азырынча жаңы мэрди шайлоонун датасын айтуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Гүлнара Журабаева билдирди. Анын айтымында, “Бишкек шаарынын статусу жөнүндө" мыйзам долбоору парламентте кабыл алынып, президентке жөнөтүлгөн. Бирок мамлекет башчы ага азырынча кол коё элек.

Журабаева белгилегендей, азыркы жагдайда Өмүркуловдун арызын премьер-министр карап, чечим чыгарат. Эгер анын отставкасы кабыл алынса, жогоруда аталган мыйзам күчүнө киргенче шаарды мэрдин милдетин аткаруучу башкарып турат.

Иса Өмүркүлов бүгүн Бишкек мэринин кызматынан кетүү тууралуу арызын жазды. 2-декабрда Баш прокуратура ага карата кылмыш иш козгоп, шаардын четиндеги Жеңиш паркынын чек арасын бузду деген айып таккан болчу. Бирок Өмүркулов өзүнүн отставкасын бул окуяга байланыштуу эмес деп айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG