Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:51

Украинанын вице-премьери Москвага келет


Украинанын вице-премьери Юрий Бойко газдын баасы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Москвага жөнөдү. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Сүйлөшүү газга бааны ылдыйлатуу тууралуу болушу күтүлүүдө. Украина ЕБ менен Ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тарткан соң, орус тарап газдын баасын ылдыйлатмак деген божомолдор айтылууда.

Бир аз баштараак Украинанын премьер-министри Николай Азаров евроинтергация боюнча багыт өзгөрбөгөнүн, шаршемби күнү Киевден эки делегация – бирөө Брюсселге, бирөө Москвага жөнөөрүн кабарлаган. (AiK)

XS
SM
MD
LG