Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Сотторду жоопко тартуу комиссиясына жарандык коом өкүлдөрү кирет


Кыргызстанда сотторду дисциплинардык жоопко тартуу боюнча комиссиянын курамына жарандык коом өкүлдөрүн да киргизмей болуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн президенттин катышуусу менен өткөн Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында айтылды. Алмазбек Атамбаев бул кеңештин ишине оң баа берди.

Жыйында судьялардын өз милдетин так аткарып, таза иштөөсү үчүн алардын жоопкерчилигин арттыруу, мыйзам бузгандарын дисциплинардык комиссия аркылуу жоопко тартуу керектиги айтылды. Азырынча бул комиссиянын курамы судьялардан гана турат.

Апрел окуясынан кийин келген бийлик өлкөдө таза иштей турган судьялар корпусун түзүүгө белсенген. Бул үчүн Сот тандоо кеңеши түзүлгөн, бирок азырынча сот реформасы ойдогудай жүрбөй жатканын бийлик өзү да, көз каранды эмес эксперттер да айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG