Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:16

НАТО жана Орусиянын тышкы иштер министрлери жолугушту


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров шаршемби күнү Брюсселде НАТОдогу кесиптештери менен жолукту. Талкуу эки тараптуу кызматташуу, Сириядагы химиялык куралды жок кылуу жана Ирандын өзөктүк программасы тууралуу маселелерге арналды.

НАТО-Орусия Кеңешинин сессиясынын аягында Лавров Иран менен өзөктүк курал боюнча утурумдук келишим Тегерандын талаштуу атомдук программасы боюнча узак мөөнөттүү чечими болушу ыктымал экендигине токтолду.

Лавров мындай чечим НАТОнун Европадагы антиракеталык системасын азайтууга үндөөчү кадам экенин да белгиледи.

Сессияда Орусиянын Украинага басым жасашы тууралуу да кеп козголду.

- Биз Украинадагы окуяларды өлкөнүн ички иши деп эсептейбиз. Мен ушунчалык ири митингдерге оппозициядан себептерди көрбөй турам. Украин саясатчылары кырдаалды конституциялык нукка алып келет деп үмүттөнөм. Биз эч кимди кийлигишпөөгө чакырабыз, - деди Лавров.

21-ноябрда украин өкмөтү Европа Биримдиги менен келишимге кол коюуга даярдыкты токтотконун оппозиция "украин элине карата саткынчылык" деп атаган. 30-ноябрда "евроинтеграциянын" тарапкерлеринин митингин бийлик күч менен тараткан болчу. Дүйшөмбү күнү Киевде демонстранттар өкмөттүк башкы имаратты жана анын айланасындагы көчөлөрдү курчап алып, мамлекеттик кызматкерлерди ишке киргизбей койгон. Толкундоолор каптаган Украинада президент Виктор Янукович Евробиримдик менен сүйлөшүүнү кайра жандантуу ниетин билдирген

XS
SM
MD
LG