Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Кайыпов ишин Кара-Кечени иреттөөдөн баштайт


Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусуна жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда, Кара-Кече көмүр кениндеги башаламандыктан улам мамлекеттик мекемелерге, социалдык объектилерге көмүр толук жетпей жатат:

- Аркы жумада облустун аймагына болгон алгачкы иш сапарымды Жумгалдан баштайын деп турам. Ошондо Кара-Кечеге да барып, ал жактагы көмүр казган ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик, эл менен жолугуп, чогуу отуруп, кендеги тартипти оңдойбуз. Тартипти оңдобосок болбойт.

Өлкөдөгү ири көмүр казуучу Кара-Кече кенинде 400 миллион тоннадан ашык кара алтын уюп жатат. Кен Кыргызстандын түндүк аймактарын жана Бишкек шаарын отун менен камсыз кылат. Кара-Кечеден 10дон ашык менчик ишкана көмүр казат, эл арасында кенди кылмыштуу топтор көзөмөлдөйт деген каңшаар бар.(TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG