Өкмөттө Кумтөр боюнча инвестор менен жолугушуу өттү. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун бүгүн "Азаттыкка" айтымында, «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Ян Аткинсон баштаган делегация Бишкекке үч күнгө келди. Кечээ премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу болду. Канадалык тарап Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниядагы үлүштү 67/33 пайыз кылуу шартына каршы болууда.
Октябр айында Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтү менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда Кумтөр алтын кенин 50\50 пайыз үлүш менен иштетүү тууралуу меморандумун жактырбай койгон. Депутаттар алтын кениндеги Кыргызстандын үлүшүн 67% көтөрүүнү талап кылып, өкмөткө 23-декабрга чейин мөөнөт берген.(RK)