Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

Интербилим-Ош: Мэрдин алынышы элде кооптонуу жаратууда


Ошто Мелис Мырзакматовдун иштен алынышына байланыштуу эл арасында кооптонуу пайда болууда. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" "Интербилим" бейөкмөт уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгакы Мамасалиева билдирди. Анын айтымында, Мырзакматовдун эмне себептен кызматтан алынганы тууралуу өкмөт так маалымат бербей жатканы күмөн ойлорду жаратууда.

- Мындан ары эмне болот, Мырзакматовдун тарапкерлери менен бийлик ортосунда карама-каршылык күчөсө шаардын жашоосу, коммуналдык тейлөө оордобойбу, коопсуздук канчалык сакталат деген суроону көп айтып жатышат, - деди Мамасалиева.

Бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруудан бошотулду. (RK)

XS
SM
MD
LG