Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Текебаев: Мырзакматовдун алынышына соңку митингдер себеп болушу ыктымал


Мелис Мырзакматовдун кызматтан алынышына анын Оштогу соңку митингдерге карата позициясы себеп болушу ыктымал. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди:

- Оштогу соңку митингде төңкөрүш жасоо сыяктуу чакырыктар болду. Басып алууга болгон аракеттер орун алды. Мэрдин милдети мындайга жол бербөө, мыйзам бузган жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жараткан адамдарга чара көрүү болчу. Балким Мырзакматов өзүнө коюлган ушул талаптарды аткара албады, мамлекеттин кызыкчылыгы жана коопсуздугу деген түшүнүктөргө туура баа бере албады деген пикир премьер-министрдин чечимине түрткү болушу мүмкүн, - деди Текебаев.

"Ата-Мекендин" лидери ошондой эле "Мелис Мырзакматов Оштогу кадыр-баркы бар адам жана элдин ишенимине ээ болгон жетекчи катары алдыдагы мэрлик шайлоого катышып, жөн гана катышпастан утуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар" деген пикирин билдирди. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG