Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

"Республика" коалицияга кирбей турган болду


Жогорку Кеӊештин «Республика» фракциясынын жетекчиси Назарали Арипов бүгүн «Ырыс алды - ынтымак» көпчүлүк коалициясынын жетекчиси Феликс Куловго фракциянын коалицияга кирүү процессин токтотуу жөнүндөгү расмий катын тапшырды. Фракция коалицияга кирүүгө даяр экенин, бирок Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген, вице-премьерликти Таирбек Сарпашев ээлеген азыркы өкмөт менен иштеше албасын айтууда. "Азыркы өкмөттүн кадамдарына жоопкерчилик ала албайбыз жана колдобойбуз" деп айтылат фракциянын билдирүүсүндө. "Республика" башкаруучу коалицияга кирүү ниетин быйыл жайында айтып чыгып, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG