Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

Акыйкатчы абактагы аялдардан кабар алды


Акыйкатчы Бакытбек Аманбаев Степное айылындагы аялдар абагына барып, алардын жашоо-шарты менен таанышып келди. Түрдүү кылмыштар үчүн эркинен ажыраган аялдардын көбү тергөө жана сот органдарынын ишине нааразылык билдирип, адилетсиз соттолгонун айтышты. Ошондой эле алар бир нече жолу соттолгон жана биринчи жолу кесилген аялдарды өз-өзүнчө бөлүп кармоо керектигин билдирип, мунапыс боюнча кезектеги мыйзам качан кабыл алынаарын сурашты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча бир гана аялдар абагы бар. Анда 322 аял кармалат. Онунун үч жашка чыга элек баласы бар. Балдар өзүнчө кармалат. 147 аял түрмөнүн ичинде ачылган тигүү, соя сүтүн чыгаруу жана нан бышыруу цехтерине иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG