Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:41

Ош: Жабыркаган милиционерлерге акчалай жардам тийди


Ошто Келдибековдун тарапкерлеринин митинги учурунда жабыркаган милиция кызматкерлерине акчалай жардам берилди. Оштогу кабарчыбыздын билдиришинче, 10 милиционерге 25 миң сомдон жардамды президенттин атынан деп ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков тапшырды.

Коррупцияга шектелип УКМКнын тергөө абагына эки айга (19-январга чейин) камалган депутат Акматбек Келдибековдун үй камагына чыгарылышын талап кылган митинг Ошто 2-декабрда өткөн. Милиция митингчилер ошол күнү эки жолу акимиатты басып алуу аракетин жасаган деген негизде кылмыш иш козгоп, окуя учурунда 14 милиционер жабыркаганын кабарлаган. Келдибековдун тарапкерлери ал себеби жок камалганын, 2-декабрда бийликти басып алуу аракети болбогонун айтууда. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG