Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Батыш дипломаттары Украинага чогулушту


Демонстрациялар уланып жаткан Киевде ЕККУнун жыйыны өттү.

Жыйында Батыш дипломаттары өкмөттү демонстранттардын укугун сыйлоого чакырды. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд өкмөттү элдин үнүн угууга чакырды:

- Украинада элдин каалоо-тилегин кабыл алууга мезгил келди. Болбосо эл көңүл калды болуп, башаламандык, зордук-зомбулук чыгып кетиши мүмкүн.

Киевде миңдеген демонстранттар шаардын борбордук аянтында өкмөттүк имараттарды блокадалоону улантууда. Оппозициячыл депутаттар бүгүн кайрадан парламенттик сессияны үзгүлтүккө учуратышты.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Киевдеги министрлер жыйынында өкмөт башчысы Микола Азаров чыгып сүйлөп, «демократия өнүгүп жаткан өлкөдө демонстрациялар кадыресе көрүнүш»,- деди.

Украина Евробиримдик менен кызматташуу келишимине кол койбой калгандан кийин демонстранттар өкмөт башчысынын отставкасын жана чукул шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG