Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

“Ата Мекен” Рысалиевди кызматтан кетирүү талабын жандантты


“Ата Мекен” партиясы Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбековдун камакка алынуусуна негизги себепкер деп Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин атын атоодо.

Партия билдирүүсүндө, Жусупбековдун кызматтан алынып, камалуусуна негиз берген интернеттеги видео-тасмадагы жолугушуу Рысалиевдин түздөн-түз буйругу менен уюштурулган деп баса белгилейт. Ошондой эле анда “№1 тергөө абагында кармалып турган Абдулла Юсупов Рысалиевге ишенип, өз каалагандай тартип жүргүзөрү, тергөө абагынын офицерлерин жана кызматкерлерин каалагандай калчайт” деп айтылат. “Ата Мекен” партиясы жабык жайларда түзүлгөн мындай кырдаал коомго коркунуч жаратарын белгилеп, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди кызмат ордунда калтырууга болбостугун расмий билдирген.

Билдирүүдө Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү аталган Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте бошоп кетүүсүнө катышы бар деген жүйөө менен кызматынан алынуусу талап кылынганы да эскертилет.
Мындай айыптоолорду Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев четке кагып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG