Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Нельсон Мандела көз жумду


Нельсон Мандела
Нельсон Мандела
Түштүк Африка Республикасынын туңгуч президенти Нельсон Мандела 5-декабрда саат 20:50дө 95 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу учурдагы президент Жейкоб Зума кабарлады. Мандела көптөн бери ооруп жүргөн.

Президент Зума мекендештерине жолдогон кайрылуусунда:

-Улутубуз зор уулун, элибиз атасын жоготту. Бул күн келээрин билсек да, биз өтө оор жоготууга дуушар болдук. Анын адамгерчилиги, жупунулугу жана боорукерлиги баарын өзүнө тартып турчу, – деди президент Зума.

Нельсон Мандела өз мекенинде "мадиба" жана "тата", же кыргызча айтканда "атаке" деген ат менен эл урматына ээ болгон.

Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээси Нельсон Мандела тарыхта апертеидге каршы чыккан ишмер катары калды. Ал абакта баш-аягы 27 жыл отурган, 90-жылдары Түштүк Африканы башкарган. 95 жаштагы Мандела Йоханесбургдагы үйүндө көз жумду.

Түштүк Африка республикасында 6-декабрь аза күтүү күнү болуп белгиленди. (BAz)

XS
SM
MD
LG