Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Ош: Борбордук аянтка адамдар чогулууда


Оштун борбордук аянтына адамдар чогула баштады. Кабарчыбыздын айтымында, ушу тапта Келдибековдун тарапкерлери орноткон үч боз үйдүн тегерегинде 300дөй киши чогулуп турат. Алардын арасында Келдибековдун да, Мырзакматовдун да жактоочулары бар.

Коррупцияга шектелип камалган оппозиционер депутат Акматбек Келдибековдун тергөө абагынан үй камагына чыгарылышын талап кылган митингчилер өз акциясын 2-декабрдан бери улантып жатат. Ал эми Оштун мэринин милдетин аткаруудан кечээ четтетилген Мелис Мырзакматовдун дайын-дарегин сураган 200дөй адам мэриянын алдына кечээ да чогулган. Мэрия өкүлдөрү Мырзакматов Бишкектен Ошко бүгүн, 6-декабрда келип, шаардыктар менен жолугаарын айтышкан. Мырзакматов өзү Ошко эртең барып, тарапкерлери менен жолугаарын "Азаттыкка" бүгүн айтты. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG