Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Дүйнө Нельсон Манделанын мурасын эскерүүдө


Манделанын үйүнүн алдына чогулгандардын саны улам көбөйүүдө
Манделанын үйүнүн алдына чогулгандардын саны улам көбөйүүдө
Саясий лидерлер, таанымал инсандар жана карапайым адамдар апартеидге каршы күрөштүн жана демократиянын алтаны Нельсон Манделанын руханий мурасын эскеришүүдө. Түштүк Африканын президенти Жейкоб Зуманын айтышынча, 95 жаштагы Мандела 5-декабрда кечинде Иоханнесбургдагы үйүндө бала-чакасынын жанында кайтыш болгон. Түштүк африкалыктар маркумдун үйүнүн алдына чогулуп, аза ырын созушууда.

Мандела ак азчылыктын апартеиддик башкарууга каршы күрөшкөнү үчүн 27 жыл абакта отурган. Апартеиддик режимдин аягы жарандык согушка айланып кетүүсүнө жол бербөөгө сиңирген эмгеги үчүн ага Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Нельсон Мандела 1994-жылкы мультиэтностук шайлоодо Түштүк Африканын биринчи ынды кара президенти болуп шайланган.

“Нельсон Манделанын мурасы чоң: биринчиден, ал эзүүгө жана ар кандай кемсинтүүлөргө каршы күрөштү; экинчиден, жарандык укукка жетишүү үчүн түрдүү тынч жолдорду пайдаланды; үчүнчүдөн, өлкөнүн саясий турмушунда жаңы кан жүгүрүүсү үчүн бийликтен кетип, башкаларга орун бошотту”, - деди “Азаттыкка” Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, ирандык Ширин Эбади.

XS
SM
MD
LG