Жети-Өгүздүн Чычкан айылында жергиликтүү тургундар жол тосуп жатат. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбызга чычкандыктар кабарлашты. Азырынча канча адам чогулганы тууралуу так маалымат жок. Жергиликтүү тургундар Чычкан айылынын тургуну, жаш активист Сейитбек Куланбаевди бүгүн үйүнөн белгисиз бирөөлөр күчтөп кармап кеткенин, нааразылык акциясы анын бошотулушун талап кылуу максатында уюштурулганын айтууда.
Жети-Өгүз районунда быйыл жайдан бери Кумтөрдүн улутташтырылышын талап кылган акциялар жаш активисттер тарабынан байма-бай уюштурулуп келатат. Күч структураларынан бул окуя боюнча азырынча маалымат түшө элек. (MK/RK)