Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

АКШ Кытайдын жаңы абадан коргонуу зонасын тааныбайт

Вашингтон Бээжиндин Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдардын үстүн Кытайдын абадан коргонуу мейкиндиги деп жарыялоосуна ынана албайт. Бул жөнүндө АКШ вице-президенти Жо Байден жума күнү Сеул университетинде сүйлөп жатып айтты.

“Мен өз президенттимдин атынан ачык айтам: Биз бул зонаны тааныбайбыз. Ал Американын операцияларына такыр таасир этпейт. Жок".

Байден ошондой эле Түндүк Корея ядролук бомбанын үстүнөн иштөөнү токтотпосо, эгерим байгер жашоого жетпесин да кошумчалады.

Вице-президент Байден ишемби күнү АКШга кайткандан мурда Түштүк жана Түндүк Кореяны бөлгөн чек араны барып көрөт.

Жо Байден жуманын башында Бээжинде болуп, Кытай жетекчилери менен жолуккан.
XS
SM
MD
LG