Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Атамбаев Түштүк Африкага көңүл айтты


Нельсон Мандела, 25-август, 2010-ж.
Нельсон Мандела, 25-август, 2010-ж.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түштүк Африка Республикасынын жетекчиси Жейкоб Зумага көңүл айтуу катын жөнөттү. Бул тууралуу кыргыз президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Телеграммада Атамбаев Нельсон Манделанын дүйнө салышы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганы айтылат.

"“Улут атасы” катары өз элинин эркиндиги жана өлкөдө тынчтыкты кайра калыбына келтирүү үчүн Нельсон Мандела узак жана татаал жолду басып өттү. Анын жаркын элеси биздин жана келечек муундун эсинде түбөлүккө сакталат", – деп айтты Атамбаев.

Президент Атамбаев кыргыз жумуруятынын атынан бүткүл Түштүк Африка элине көңүл айтты. (BAz)

XS
SM
MD
LG