Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Янукович жана Путин Сочиде жолугушту


Украин президенти Виктор Янукович жума күнү Сочиде Орусия президенти Владимир Путин менен кездешти. Путиндин басма сөз өкүлү Д. Песковдун маалымдашынча, эки лидер соода-экономикалык проблемаларды талкуулашты.

Янукович төрт күндүк расмий сапардан кийин Кытайдан түз эле Киевге учуп келет деп боолгонуп жаткан. Киевде европачыл митингчилер жума күнү да өкмөттүк имараттарды камалоону улантты. Алар президент Янукович Кремлдин кысымынан улам Евробиримдик менен Эркин соода жана Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндөгү келишимге кол коюудан баш тарткандан тарта өкмөттүн кетүүсүн жана кезексиз шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Аларды жактап, 25-ноябрдан бери тамак ичпей жаткан экс-премьер Юлия Тимошенко жума күнү ачкачылык акциясын токтотту.

Бийлик укугун натуура пайдаланды деп 7 жылга кесилген Юлия Тимошенко Харьковдо түрмө отурат. Ноябрда Украин парламенти, Батыштын талабына карабай, Тимошенкону Германияга дарыланууга уруксат берген мыйзамды кабыл албай койгон.

XS
SM
MD
LG