Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов жетектеген “Улуттар Биримдиги” партиясы менен парламент депутаты Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүү” партиясы бирикти. Бул тууралуу келишимге кол коюшкандыгын лидерлер бүгүн Ош мэриясынын имаратында өткөн брифингде жарыялашты.
"Азаттыктын" Оштогу кабарчысынын маалыматына караганда, бул эки партия мындан аркы саясий жарыштарга, анын ичинде парламенттик жана президенттик шайлоого бирге аттануу ниеттерин билдиришкен. (ErN/MTo)